Ысык-Көлдө Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жана Ооганстандын башкы чек арачылары жолугушуу өткөрөт
25-августтан 28-августка чейин Ысык-Көлдө Кыргызстан, Казакстан, Түркмөнстан жана Ооганстандын чек ара кызматынын башчылары жолугушуу өткөрөт. Иш-чараны КРнын Башкы чек арачысы Курманакун Матенов ачып, вице-премьер-министр Токон Мамытов да сөз сүйлөйт. Жолугушууда Борбордук Азия чөлкөмүндөгү чек ара коопсуздугу боюнча бирге иш жүргүзүү маселеси талкууланмакчы. Матеновдун айтымында, "Ысык-Көлдүк демилге" аттуу бул иш-чаранын максаты - чек ара коопсуздугун камсыздоо боюнча аймактар аралык кызматташтыкты өнүктүрүү жана бекемдөө.