Кыргыз өлкөсүндө айдоочулук күбөлүк арзандады. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.
"2020-жылдын 1-мартынан тарта айдоочулук күбөлүктүн баасы 184 сомго арзандады. Мурун күбөлүк 724 сом турса, азыр 540 сомго (банктык комиссияны эске алганда) бааланды. Ал эми автоунааны кайра каттатуу 1900 сомдун ордуна 1716 сом болду. Ошондой эле унааны каттатууда анын чыккан жылы жана кыймылдаткычынын көлөмүнө карата өзүнчө баа төлөнөт", - деп жазылат маалыматта.