Кыргыз өкмөтүнө караштуу аялдар иштери жана гендердик өнүгүү боюнча улуттук кеңеш аялдарга карата жасалган зомбулуктун бардык түрүн айыптайт. Мындай маалыматты өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Агы ылайык, аялдар кеңеши 8-мартта зордук-зомбулукка каршы жүрүшкө чыккан катышуучуларга карата айрым милиция кызматкерлеринин колдонгон аракетин дагы айыптаган.
"Өлкөдө үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук фактыларынын көбөйүшү, аялдарга одоно жасалган мамиле, ушул жылдын башында өлүм менен аяктаган окуялар олуттуу көйгөй болуп эсептелет жана мамлекеттин алдында үй-бүлөдөгү зомбулуктун алдын алуу, жөнгө салуу боюнча иш ыкмаларды кайра карап чыгуу милдети турат.
Зомбулуктун бардык түрлөрүнө жол бербөө жөнүндө калктын түшүнүгүн кеңейтүү жана үй-бүлөлүк, гендердик зомбулукка карата сабырсыздыкты көрсөткөн өлкө боюнча «үй-бүлөдөгү зордук-зомбулукка каршы 180 күн» маалымат кампаниясы жүрүп жатат, зомбулуктун алдын алуу боюнча кечиктирилгис чаралардын комплекси бекитилип, медиа план даярдалды.
Зомбулуктун бардык түрү – бул кылмыш жана кабыл алынгыс көрүнүш. Мамлекеттик органдардын, жарандык коомдун жана көңүл кош карабаган бардык жарандардын биргелешкен аракети менен гана үй-бүлөдөгү жана гендердик зомбулук сындуу көрүнүштү жоюуга жетишүүгө болот", - деп айтылат маалыматта.
2012-жылы түзүлгөн Улуттук кеңеш гендердик өнүгүү маселелери боюнча мамлекеттик саясатты иштеп чыгууга жана жүзөгө ашырууну координациялоочу консультативдик, кеңеш берүүчү орган болуп саналат.