Кечээ, 9-мартта Футбол боюнча Италия чемпиондугунун 26-турунун алкагында "Сассуоло" командасы өз үйүндө "Брешиа" командасын кабыл алды. Беттеш 3:0 эсебинде үй ээлеринин жеңиши менен аяктаган. Бул оюнда 2 гол жараткан "Сассуоло" командасынын чабуулчусу Франческо Капуто гол жараткандан кийин күйөрмандарына "Силерге үйүңөрдө коопсузураак, баары жакшы болот" деп жазылган баракты түз эфирден көрсөткөн.
Маалыматка ылайык, бул беттеш күйөрмандарсыз өттү.