Бишкек ШИИБи: "Өзбекстандык дипломаттар катышкан жол кырсыгы боюнча Жол-кайгуул кызматынын маалымдамасын күтүп жатабыз"
Бишкек ШИИБи Бишкекте өзбекстандык дипломаттар катышкан жол кырсыгы боюнча Жол-кайгуул кызматынын аныктамасын күтүп жатат. Муну аталган мекеменин басма сөз кызматынын өкүлү Олжобай Казабаев 26-августта билдирди. "Жол-кайгуул кызматынын маалымдамасын күтүп жатабыз, жол кырсыгына ким күнөөлүү болгонун алар аныкташы керек. Элчиликтин өкүлдөрүнүн дипломатиялык статусу бар, бардык иш мыйзамга таянуу менен жасалышы кажет",- деди ал. Эскерте кетсек, 23-августта Бишкекте Өзбекстандын КРдагы элчилигинин кызматкерлери катышкан жол кырсыгы болуп, дипломаттар окуяга катышкан айдоочулардын бирин сабап салышкан эле. Алардын мас экендиги белгилүү болду.