Биз социалдык тармакта

Жогорку Кеңеште китепканачылардын маянасын көбөйтүү маселеси өкмөттүн кароосуна коюлганы айтылды

Бүгүн, 11-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында "Китепкана иши жөнүндө" мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору каралды.

Депутаттар Улуттук китепкананын кызматкерлеринин эмгек акысы өтө төмөн экенин, аны көтөрүү зарылдыгын айтышты.

Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Нуржигит Кадырбеков китепканачылардын маянасын көбөйтүү маселеси өкмөттүн кароосуна коюлуп, азыр сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирди. "Ал эми китеп фондун жыл сайын өлкө аймагы боюнча өткөрүлгөн "Бир адамдан бир китеп" долбоорунун алкагында жана айрым мыкты авторлор, чыгармачыл бирликтер, басмалар менен иштешүү аркылуу чечүү аракети жасалууда", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Jelezo
2020-03-11 11:40:00
Китепканасы жок китепканачылар бар китептерин койо турган жери жок.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан