Бүгүн, 11-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында өкмөттүн 28 калктуу конушту айыл категориясына которуу демилгеси каралды.
Анда депутат Кенжебек Бокоев ортолору кошулуп калган айылдарды бириктирүү сунушун айтты. “Мындай айылдар көп. Биздин негизги саясатыбыз – аймактарды ирилештирүү. Өлкө аймагындагы административдик аймактар боюнча саясатты өкмөт өзү жүргүзгөндүктөн, аны жергиликтүү тургундар өздөрү чечет, мыйзамда ошондой жазылып калыптыр деп четке чыга бербей, бул багытта чечкиндүү чараларды көрүшү керек", - деди депутат.