Биз социалдык тармакта

Кыргыз жарандарына Кореяда акысыз билим алуу үчүн сынак жарыяланды

Корея Республикасында докторантура программасы боюнча акысыз окууну каалагандар үчүн сынак жарыяланат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги кабарлайт.

Программага кабыл алынгандар акысыз билим алат жана президенттик стипендия алат.

"Талапкерлер 2020-жылдын күз мезгилинде Сеул улуттук университетинде билим алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Программа 6 семестр билим алууну, ай сайын 1 500 – 2 000 вон (болжолдуу 1250-1670 доллар) стипендияны, авиабилетти, корей тили курсун жана медициналык камсыздандырууну өзүнө камтыйт. Окуу жайдын жатакана акысын талапкер өзү көтөрөт", - деп айтылат маалыматта.

Талапкерлер керектүү документтерди 2020-жылдын 27-марты саат 17:00гө (Корея убактысы боюнча) чейин онлайн систем аркылуу тапшыруусу керек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
KaGaH
2020-03-13 14:18:39
Коронавирус каяктагы окуу
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан