Биз социалдык тармакта

Депутат: "Өкмөт Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигине азык-түлүктөрдүн баасын көтөрбөй кармап туруу боюнча тапшырма бериши керек"

Депутат Кубанычбек Нурматов өкмөт Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигине азык-түлүктөрдүн баасын көтөрбөй кармап туруу боюнча тапшырма бериши керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 12-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Дүйнө жүзү боюнча кризистин башы башталдыбы деп ойлоп жатам. Өкмөт Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигине азык-түлүктөрдүн баасын көтөрбөй кармап туруу боюнча тапшырма бериши керек. Ун, майдын баасын көтөрбөгөнгө чакыруусу зарыл. Бааны бирдей кармаганга аракет кылсаңар туура болот эле", - дейт Нурматов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан