Биз социалдык тармакта

УКМК: "Фарид Ниязовдун билдирүүсү - кылмыш жоопкерчилигинен качуунун аракети"

Президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязов кылмыш жоопкерчилигинен качып, коомчулукту адаштырууга аракет жасап жатат. Мындай билдирүүнү УКМКнын маалымат кызматы таратты.

Улуттук коопсуздук комитети Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып жаткан Ниязов укук коргоо органдарын коомго жаман көрсөтүүнүн аракетин жасап жатат деп билдиришти.

"Фарид Ниязов Кой-Таш окуясы боюнча ишти саясатка айландырып, мурдагы өлкө башчы Алмазбек Атамбаевди жана анын тарапташтарын актоо аракетин көрүп жатат.

Кой-Таш окуясы боюнча УКМКнын кызматкерлери чыныгы ок эмес, атайын каражаттарды колдонууга мажбур болушкан жана буларды тастыктаган видео материалдар бар. Андыктан анын УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаев “Альфанын” жоокерлерине Атамбаевдин үйүнөн чыгып кетүүгө уруксат бербей, алар үчүн кооптуу абал жаратты деген айыбы негизсиз", - деп жазылат билдирүүдө.

Буга чейин 11-мартта Фарид Ниязов “Альфанын” бир жоокеринин өлүмү жана башка жоокерлердин ур-токмокко кабылышына Опумбаевди күнөөлөгөн билдирүүнү айткан.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Jaznura
2020-03-12 16:12:09
Фарид Ниязов өзү да Кой-Ташта болгон окуяга толук күнөөкөр. Эми айыпты башка жакка оодарып койом деп ойлобой эле койсун.
+6
chake
2020-03-12 16:23:03
Алмаз жездесинин тубүнө ушул татарин Фарид жетти
+6
Alimbek1000
2020-03-12 16:37:41
ФАРИД ЧЫККЫНЧЫ! АШАНЫН куйругу.
+3
aydinnur
2020-03-12 19:12:59
Ой жаламалар оой,бу силерди зоотехниктин укасы атайын дайындаган го дейм))суперден чыкпагыла ,бизге катылгандын катыгын бергиле деп))Ойдодогу аялынын атына жамынган жигит,атынды озгортсон боло,болбосо мен да 8-мартта чыккандарданмын деп койчу,жаным тынч алсын
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан