Дарыгер: “Кара тумоодон көз жумган 15 жаштагы бала өз учурунда ооруканага жеткенде аман калмак. Кара тумоо айыкпай турган дарт эмес”

“Ысык-Көлдө кара тумоодон көз жумган 15 жаштагы баланы ооруканага өз учурунда алып барышса аман калмак”,- деп билдирди Республикалык инфекциялык клиникалык ооруканасынын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев. Эске салсак, 22-августта Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунда 15 жаштагы бала оор абалда ооруканага жеткирилип, бирок каза болуп калды. Экспертизанын жыйынтыгы менен ал кара тумоо оорусунан каза болгону аныкталды. Ал Оттук капчыгайында суур этинен жасалган шишкебек жегени белгилүү болду. Аалиевдин айтымында, аталган оорунун 3 түрү бар. Оорунун жеңил түрү болуп тери формасындагы оору саналып, анда без чочуп, чоңоюп кетет. Ал эми септикалык формадагы кара тумоо оорусу канга микроб киргенде күч алып, адамды майыпка айландыруу коркунучу бар. 3-формадагы эң коркунучтуу түрү өпкө менен байланыштуу. Башкача айтканда, мында кара тумоо аба аркылуу жугат. Бул ооруну суурдан башка коён жана келемиштер да алып жүрүшөт. “Кара тумоо оорусун дарыласа болот жана Кыргызстанда ага дарылар жетиштүү. Ооруга чалдыккан адам ооруканага өз убагында кайрылуусу керек. Оорунун белгилеринин бири - дене табынын себепсиз көтөрүлүшү”,- деди башкы дарыгер.  

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан