Биз социалдык тармакта

3000ден ашуун адам аскер кызматына чакырылды

2020-жылдын 1-мартынан тартып Куралдуу Күчтөрдүн катарына жазгы аскерге чакыруу кампаниясы өз ишин баштады, ал 31-майга чейин уланмакчы. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Бүгүн, 12-мартта республикалык жыйын пунктунда Бишкек шаары менен Чүй облусунан чакырылгандарды аскердик кызматын өтөөчү жерлерге жөнөтүүгө арналган салтанаттуу азем болду. Мөөнөттүү аскер кызматына чакырылган 3000ден ашуун адам Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын, Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин, Мамлекеттик чек ара кызматынын, Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын, Жазаларды аткаруу кызматынын Кайтаруу жана күзөтүү департаментинин жана ИИМдин Ички коопсуздуктун аскерлеринин кошуундары менен бөлүктөрүндө кызматтарын өтөшөт", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Shef87
2020-03-12 22:32:23
Формаларды жөнгө салса жакшы болмок
+4
Birimdik5555
2020-03-13 05:10:00
Ылайым аман-эсен кызмат өтөп,үй бүлөнөргө келгиле
+2
Tasma2014
2020-03-13 16:12:38
Молодцы жигиттер уйдон боз бала болуп чыгып зынкыйган жигит болуп кайтасынар..
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан