Биз социалдык тармакта

Жогорку Кеңеште совет мезгилинде Ооганстанга жиберилген партиялык кызматкерлердин статусун согуш ардагерлерине теңдештирүүгө багытталган мыйзам долбоору жактырылды

Кечээ, 12-мартта Жогорку Кеңеште совет мезгилинде Ооганстанга жиберилген партиялык жана советтик кызматкерлердин статусун согуш ардагерлерине теңдештирүүгө багытталган мыйзам долбоору үчүнчү окууда жактырылды.

Мыйзам долбоорунун демилгечиси депутат Исхак Пирматов. "Кыргыз өлкөсүнөн Ооганстанга ушундай тапшырма менен 4 кызматкер жиберилген. Азыр көзү тирүү бир адам бар. Согуш ардагери макамы жок болгондуктан, жеңилдиктер каралган эмес. Аларга согуш ардагери макамын берүү зарыл", - деди Исхак Пирматов.

Ушу тапта Кыргыз өлкөсүндө Улуу Ата Мекендик согуштун 268 ардагери, оруктун 1300 ардагери жашайт. Ал эми Ооган согушуна катышкан 5 миңден ашуун ардагер бар. Аларга совет мезгилинде берилген жеңилдиктер азыр кыйла кыскарып калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан