Биз социалдык тармакта

Өмүрбек Бабанов тун кызын турмушка узатат

Экс-депутат Өмүрбек Бабанов тун кызы Айперини турмушка узатат. Бул тууралуу бир катар жергиликтүү маалымат каражаттары жеке булактарына таянуу менен жазышууда.

Ага ылайык, үйлөнүү үлпөт той Түркиянын Стамбул шаарында өтүшү мүмкүн. "Республика" партиясынын мурдагы лидери Бабанов Чүй облусунун экс-губернатору Азамат Кангелдиев менен куда болору жазылат маалыматта. Ал 2010-2011-жылдары "Ата-Журт" партиясынан Жогорку Кеңеште депутат дагы болгон.

Айрым маалыматтар боюнча Айпери 23 жашта, Лондондогу окуу жайлардын биринде билим алат. Бишкектеги №61 мектепти аяктаган. Басылмалар Айперинин социалдык тармактагы досторунун арасынан Санжар Кангелдиев аттуу колдонуучу бар экенин жазышкан. Ал дагы Лондондо окуйт.

Өмүрбек Бабанов жана жубайы Рита Бабанованын төрт баласы бар. Айпериден кийинки уулу Нурэмир Бабанов 2018-жылы Жалпы республикалык тесттен жогорку балл алып, "алтын сертификатка" ээ болгон. Ал да билимин чет элде улантууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
katerina.li
2020-03-13 17:44:49
Бул биринчи аялыбы же экичисиби
+2
taalay25
2020-03-14 10:43:55
katerina.li,бир эле аялы бар казашка
+2
katerina.li
2020-03-14 10:53:14
taalay25,ракмат.
0
Wibee
2020-03-13 19:05:25
Булардын балдаоы карапайым элдин пулуга кутурушат
+7
pero5184
2020-03-14 00:13:39
Бактылуу бол кыргыз кызы
+3
daniel87
2020-03-14 00:48:00
Европа менен эле АКШны айтса эле, бузуку, гейлер деп эле тескерисин айтып чыгабыз мага окшош бей бечара, айылдан нары чыкпаган,жогорку билими жоктор,Бизнесмен, чиновник негизи Крдин элиталарынын баары Эмнеге Европада окушат????? Эмнеге ошол жактын билимине суусашат, мага окшогон кемчонтойлор ошону ойлонуп корбойлубу? Бизди ким ошондо зомби кылып тетири ой жугуртконго ундоп жатат? Эки жаш бактылуу болсун, келечеги кен болсун Ооомиийн
+6
AiperiO
2020-03-14 01:46:04
Бактылуу болушсун! Бабанов келечекте баары бир президент болот, буйруса.
-5
Samatalibei
2020-03-14 07:46:32
Бабанов тойду бир аз токтотуп турунуз. Кыргыз элге вируска каршы жардам бериңиз. Салымбеков Кытайга берген маскалар бизге керек болтат?
+5
Dolbooruwka
2020-03-14 10:27:18
Бактылуу болушсун!!!
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан