Бишкектеги карылардын жатак-үйүндө 10 үй-бүлө жашайт

Бишкектеги карылардын жатак-үйүндө 10 үй-бүлө жашайт. Бул тууралуу Социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Алардын бир канчасы жатак-үйгө келген соң баш кошушканын аталган жайдын жетекчиси Эркингүл Абдылдаева билдирген. “Кээ бири үй-бүлөсү менен келсе, кээси ушул жерден баш кошушту. Биз карылар бириксе абдан кубанабыз. Үйлөнгөндөр үчүн атайын бөлмөлөр бөлүнүп берилет, алар тамактарын өздөрүнчө даярдап ичишет”,- деди ал. Ошондой эле карылар үйүндө Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген карылар да бар экендигин кошумчалады жетекчи.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан