Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги Орусиянын Краснодар крайынын бийлик өкүлдөрү менен Кыргызстандын жарандарын курулуш иштерине жөнөтүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Бул тууралуу аталган министрликтин башчысы Алиясбек Алымкулов билдирди. “Аталган аймакта жүрүп жаткан курулуш иштерине жумушчуларды жөнөтүүгө даярбыз. Бирок иш бере турган тарап кыргызстандыктар үчүн толук жоопкерчилик алуудан качып жатышат. Биз качан жеткиликтүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп бүткөндөн кийин гана жарандарыбызды жөнөтөбүз”- дейт министр.