Биз социалдык тармакта

Интернетке "Мадина" базарында кездемелерди улактай талашып жаткан видео тарады. Бишкек ШИИББи видео эски экенин айтат

Бүгүн, 14-мартта социалдык тармактар аркылуу "Мадина" базарындагы кездемелерди улактай талашкан видео тарады. Видеодон топтолгон эл контейнердин алдындагы кездемелерди талашып алып жатканын көрүүгө болот. Интернетке жайылган видео менен кошо "Мадина" базарындагы Кытай жарандарын кууп чыгуу максатында алардын товарларын тартып алышууда" деген өңүттөгү билдирүү тарады.

Бишкек ШИИББинин маалымат катчысы видео мындан эки жыл мурда тартылганын, тарап жаткан билдирүү чындыкка дал келбей турганын айтты.

"Мессенжерлер аркылуу тарап жаткан "Мадина" базарындагы окуя тууралуу видео мындан 2 жыл мурда, тагыраагы, 2018-жылы Жаңы жылда тартылган. Анда кездемелерге арзандатуу болгон. Учурда тарап жаткан видеого тиркелген "кытайларды кууп чыгуу максатында товарларын тартып алышууда" деген билдирүү чындыкка дал келбейт.

Укук коргоо кызматкерлери "Мадина" базарына барышып, дал ошол катарды жана контейнерлерди видеого тартып келишти. Базарда абал туруктуу, соода кадимкидей эле жүргүзүлүүдө. Буга байланыштуу бардык жарандарга кайрылып, жалган маалымат таратпоого чакырабыз", - дейт мекеменин маалымат катчысы.

(Биринчи видео мындан 2 жыл мурда тартылган көрүнүш. Экинчи видео бүгүн, 14-мартта тартылды.)

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
katerina.li
2020-03-14 19:51:29
Бараны деп орустар чын эле айтат окшоцт бизди
+8
Samatalibei
2020-03-14 19:58:16
Сабыры жок ачкөз эл экенибизди мойунга алыш керек! Кыргыз оруудан өлбөйт токчулук жашоодо Ачкачылыктан өлөбүзгө
+9
sirenaaaaa
2020-03-14 22:46:30
Кийим деген жетиштуу, куйоого тийип жаткандарга гана жаны тошок керек болуп тигилбесе. Канчалаган тигилип сатылбай турган кийим запас деле жетиштуу. Бир жыл кытай жабылып турса да жашасак болот
+6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан