16-мартка карата дүйнөгө кулач жайган коронавирусту дүйнө жүзү боюнча жалпы 167 миң 511 адам жуктуруп алган, алардын ичинен 6 миң 606 адам каза болсо, сакайгандардын саны 77 миң 200 адамды түздү.
Вирустун очогуна айланган Кытайда коронавирус менен жалпысынан 81 миң 77 киши жабыркаса, 3 миң 218 адам каза болду, айыккандардын саны 67 миң 843.
Италияда жуктуруп алгандар - 24 миң 747, каза болгондор - 1809, сакайгандар - 2335. Бул көрсөткүч менен Италия вирустун экинчи очогуна айланды. Ал эми коронавирус жайылганы боюнча 3-орунда турган Иранда жуктургандар - 13 миң 938, каза болгондор - 724.
Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.