Кыргызстанда кара тумоо оорусу катталганына байланыштуу Казакстан кыргыз-казак чек арасында көзөмөлдү күчөтөт

Ысык-Көл облусунда кара тумоо оорусунан бир адам каза болгонуна байланыштуу Казакстан кыргыз-казак чек арасында көзөмөлдү күчөтөт. Мындай маалыматты Казакстандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл комитетинин төрагасынын орун басары Жандарбек Бекшин билдиргенин маалымат каражаттары жазып чыгышты. Маалыматка ылайык, Жамбыл облусунда кара тумоого каршы кызматы жана санитардык-карантиндик кызматы иштөөдө. “Биз Кыргызстан менен болгон байланыштардын көлөмүн баалап, жаратылыш очокторун жана биздин аймактарга өткөндүгү боюнча текшерүү жүргүзүшүбүз керек. Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда жаратылыш очокторунун байланышы бар же жок экенин аныктоо кажет. Казакстанда жаратылыштын 39 пайызы кара тумоонун очогу болуп эсептелет. Учурда каза болгон бала менен ким байланышта болгонун аныктоо зарыл”, - деди ал. Эскерте кетсек, 22-августта Ысык-Көл облусунун Ак-Суу райондук ооруканасында 15 жашар Темирбек Исакунов кара тумоо оорусунан улам каза болгон.    
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан