"Мечитке намаз окуганы келгендердин буюмдарын уурдаган" деп шектелген жаран колго түштү. Кылмышка шектүү К.Н. Бишкек шаарындагы медреселердин биринде билим алат экен. Ал "Оштогу мечиттерге намаз окуганы келгендердин убактылуу коюп кеткен буюмдарын уурдап жүргөн" деп айыпталууда. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатканын Ош ШИИБи кабарлайт.