Биз социалдык тармакта

Бишкекте Сулайманкул Халбеков изделет. Ал 2019-жылдын декабрь айынан бери дайынсыз

Бишкекте 1981-жылы туулган Сулайманкул Халбеков изделет. Ал 2019-жылдын декабрь айынан бери дайынсыз. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

5-январь күнү Биринчи Май РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө шаар тургуну арыз менен кайрылган. Арызда 1981-жылы туулган Сулайманкул Халбеков 2019-жылдын 31-декабрь күнү саат 22:00 чамасында Бишкек шаарындагы үйүнөн чыккан боюнча кайра кайтып келген эмес.

Кийген кийимдери: Башына кара түстөгү кепка, кара күрмө жана бутуна кара түстөгү бут кийим жана көк жынсы шым кийип жүргөн.

Өзгөчө белгилери: Бою 170 сантиметр, көзү күрөң, чачы кара. Оң колунда күйүктөн калган тагы бар.

Кимде ким сүрөттөгү жаран тууралуу маалыматтарды билсе, төмөндөгү номерлерге чалып коюуну милиция кызматкерлери өтүнөт.

Байланыш телефону: 0552 10-23-07, 0703-10-22-61, 0312 56-60-43.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан