Биз социалдык тармакта

Биринчи вице-премьер 2019-жылы ЕАЭБ алкагында Кыргыз өлкөсүнүн 66 ишканасы айыл чарба өнүмдөрүн экспорттой алганын айтты

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов 2019-жылы ЕАЭБ алкагында Кыргыз өлкөсүнүн 66 ишканасы гана айыл чарба өнүмдөрүн экспорттой алганын айтты.

"Азыр ал тизмеге дагы 36 ишкана кошулуп, ушу тапта 102 компания өз өнүмдөрүн сыртка алып чыгууда. 2019-жылы ирригация тармагын курууга жана оңдоп-түзүүгө 1 миллиард сомдон ашуун каражат каралган. Республикалык бюджеттен 550 миллион сом, капиталдык салымдардан 671 миллион сом. Ошентип өткөн жылы сугат суусунун тартыштыгы Чүй облусунан башка аймактарда анчалык сезилген жок. Суу көлөмүнүн аздыгына байланыштуу Чүй аймагында сугат суусу каат болду", - деди Боронов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан