Ысык-Көлдө кара тумоодон көз жумган балага оору бүргөдөн жугушу мүмкүн. Муну Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти. Акыркы бүтүмдү бала суурдун этин жеп оору жуктурду деп айтууга болбойт. Анткени баланын туугандары каза тапкан Темирбектин суурдун этин жеп, терисин кармабаганын айтышууда. “Оору бүргө аркылуу да жугушу мүмкүн”,- дейт Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо бөлүм башчысы Асылбек Сыдыканов бүгүн, 26-августта. Айтымында, аталган ооруну суурдан башка коён, келемиш жана бүргө да алып жүрөт. “Мисалы, суурду чаккан бүргө адамды чакса, оору жугат”,- дейт Сыдыканов.