Жалал-Абад облусунун аймагында бир апта аралыгында 33 мас айдоочу кармалды. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери 7-марттан 14-мартка чейин жалпы 1 миң 500дөн ашуун жол эрежелерин бузуу фактылары боюнча протокол түзгөн.
Анын ичинен 33 айдоочу мас абалында унаа башкарса, 32 айдоочу автоунааларынын алдыңкы терезелерин караңгылаткан. Ал эми 626 айдоочуга катуу ылдамдыкта унаа башкаргандыгы үчүн айып салынган.