16-марттан 18-мартка чейин абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Чычкан капчыгайында, Мырза-Аке - Кара-Кулжа - Алайкуу унаа жолунун 65-107-чакырымдарында, Ала-Бука - Каныш-Кыя унаа жолунун 71-74-чакырымдарында Чапчыма ашуусунда, Красная-Горка - Ак-Таш автоунаа жолунун 1-4-чакырымдарында, Казарман - Актал-Чат унаа жолунун 67-93-чакырымында кар күрткүсү жана кар көчкү түшүү коркунучу сакталат.
Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.