Быйыл кабыл алынган ЖКны 2016-жылга чейин өнүктүрүү стратегиясынын алкагында парламентте ЕККУнун көмөгү менен видеоконференц-байланыш тутуму орнотулду. ЖКнын басма сөз кызматы билдиргендей, мындай тутумдун ишке кириши менен чет мамлекеттердин парламенттери, Кыргызстандын бардык аймактарындагы шайлоочулар менен, ошондой эле ЖКнын фракциялары, тармактык комитеттери менен ар кандай видеоконференцияларды өткөрүүгө өбөлгө түзөт. Бул долбоор парламенттин өкүлчүлүк жана көзөмөл иш-милдеттерин жүзөгө ашырууда ыкчамдуулукту өркүндөтүү жана убакыт менен каражатты үнөмдөө максатында ишке ашырылууда. Белгилей кетсек, ЖКны өнүктүрүү стратегиясынын алкагында «Илимий изилдөө борбору», «Мыйзам долбоорлорун эксперттөө кызматы», «Мыйзам долбоорлорунун тексттеринин шайкештигин камсыздоо кызматы» сындуу бир катар долбоорлор да ишке ашырылып жатат.