Биз социалдык тармакта

Кызыл-Кыяда "кароосуз балдар" аталышындагы рейд өттү. Анда 7 өспүрүм бильярддан, 9у базардан кармалды

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында 10-12-март күндөрү "кароосуз балдар" иш-чарасы болуп өттү. Аталган иш-чаранын жүрүшүндө базар, кафе, чайхана, интернет клуб, бильярд жана көп кабаттуу үйлөрдүн чатырлары жана жер төлөлөрү, кароосуз калган жайлар текшерүүгө алынды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

3 күндүк иш-чаранын жыйынтыгында окууга тартылбаган 6 өспүрүм аныкталып, бешөө комиссиянын чечими менен мектептерге жайгаштырылды. 1 өспүрүмдүн керектүү документтери жок болгондуктан, Кызыл-Кыя шаарында жайгашкан “Тирек” балдар борборуна жайгаштырылды. Андан сырткары өспүрүмгө карата бейбаштык фактысы менен катталган кылмыш ишинин бети өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери тарабынан аныкталды.

Базарда өткөрүлгөн иш-чарада 7 жаштагы өспүрүм кыз адашып кетти деген маалымат боюнча милиция кызматкерлери тарабынан ата-энеси табылып, кыз өткөрүлүп берилди.

Ал эми 9 өспүрүм базарда ата-энесине жардам берип, соода-сатык менен алектенгени аныкталып, ата-энесине түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Сабактан качып, мектепке барбай интернет клуб жана бильярддарда жүргөн 7 өспүрүм аныкталып, Балдар менен иштөө комиссиясына жиберилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан