Ош шаарында милициянын кайгуул кызматы бөлүмүнө кызматкерлерди алууга сынак жарыялайт. Документтерди кабыл алуу 2020-жылдын 16-мартынан 16-апрелине чейин жүргүзүлөт дейт Республикалык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз катчысы.
Конкурска катышуу үчүн Ош шаарынын Касымбеков көчөсү, 30 дарегине кайрылуу зарыл. Байланыш телефондору: жумушчу топ – 3-9563, нөөмөт бөлүмү – 3-9562.
Кайсы кызматтык орундарга кабыл алуу жүрүп жатканы тууралуу кеңири маалымат менен сайттан таанышыңыз.
