Премьер-министр кара тумоонун очокторун жок кылуу тапшырмасын берди

Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев тиешелүү органдарга кара тумоонун очокторун жок кылуу тапшырмасын берди. Өкмөт башчы бүгүн, 26-августта вице-премьер-министрлердин жана өкмөттүн аппарат жетекчилеринин катышуусунда ушул тема боюнча кеңешме өткөрдү. Премьер-министр белгилегендей, инфекциянын очогунда жана ага аймакташ жайгашкан жерлерде тазалоо иштерин кылдат жүргүзүү зарыл. “Жергиликтүү тургундарды ыкчам түрдө алдын ала эмдөөдөн өткөрүү керек”,- деди Сатыбалдиев. Ошондой эле кара тумоого байланыштуу маалыматтарды күн сайын берип турууну тиешелүү органдарга тапшырды.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан