Биз социалдык тармакта

Сооронбай Жээнбеков: "Аксы окуялары - өлкөбүздүн демократиялык өнүгүү жолундагы улуу бурулуш катары тарыхта калды"

Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 17-мартта 2002-жылдагы Аксы окуяларына карата кайрылуу жолдоду. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Өз кайрылуусунда өлкө башчы Аксы окуялары өлкөнүн демократиялык өнүгүү жолундагы улуу бурулуш катары тарыхта калганын белгилеген.

"Аксы окуясы адилетсиздикке каршы жалпы элдик күрөштүн башаты, Март жана Апрель революцияларына түрткү болгон тарыхый окуя болуп бааланат. Бүгүнкү бийлик ошол окуяларда өлкөнүн келечеги үчүн өз өмүрүн тобокелдикке байлап чыккан элдин ишенимин актоого болгон аракеттерди жасап жатат. Өлкөдө коррупция менен чечкиндүү күрөш, адилеттүүлүктү камсыздоого багытталган соттук реформа, укук коргоо органдарын реформалоо жүргүзүлүүдө. Коопсуздукту камсыздоо, санариптештирүү, экономиканы өнүктүрүү жаатында ири иш-чаралар аткарылып жатат. Элибиз үчүн эгемендүү мамлекетибиздин жаркын келечеги үчүн зарыл болгон реформалар ишке ашырылууда. Элибизде ар дайым ынтымак жана биримдик, жергебизде дайыма тынчтык болсун!" - деп жазылган өлкө башчынын кайрылуусунда.

2002-жылы 17-мартта Аксыда Үзөңгү-Куушту Кытайга берилишине каршылык кылып, райондун борборуна жөө жүрүш менен бара жаткан элге бийлик ок чыгарган. Ошол эле жылы 18-мартта Аксы районунун борбору болгон Кербенде дагы эл менен милиция кызматкерлери ортосунда кагылышуу болгон.

Окуядан 10-жыл өткөндөн кийин 17-мартты Аксы окуяларын эскерүү күнү катары белгилөө боюнча жарлыкка кол коюлган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Alimbek1000
2020-03-17 13:17:55
Аксы окуясы тарыхта калган окуя болду. Андай окуялар кайталанбашын каалайт элем.
-3
robot111
2020-03-17 14:16:42
Аксы окуясы Атамбаевдин бийлигинин чирип баратканын корсоткон. Акаев аны тушунгон эмес же тоготкон эмес. Акыры Кыргызстан качууга аргасыз болду.
-6
aydinnur
2020-03-17 14:48:45
robot111,))))))))))))))))))))боорум эзилгени калды)))Бул жерде Атамбаевдин эмне тиешеси бар?)))Кабарды жакшы окучу айланайын темир бала))2012-жылы буйрук чыгыптыр,демек ошол сен жининдей коргон Атамбаев ошол бейкуноо кеткен шейиттер эскерилип турсун деп буйрук чыгарып жатат..
+4
Jaznura
2020-03-17 13:18:49
Аксыда бийликке каршы чыккан элге ок атылып, алты адам каза тапкан. Анда ошол кездеги президент Аскар Акаевге импичмент жарыялоо демилгесин көтөргөндөн кийин камакка алынган депутат Азимбек Бекназаровду бошотуу жана Үзөңгү-Куушту Кытайга бербөө талаптары коюлган. Бул көтөрүлүш тарыхта кала турган окуя болуп калды. Азыркы учурда өткөн тарыхтан үлгү алып турушубуз керек.
-3
chake
2020-03-17 13:38:40
эгемен өлкө болгондон кийин эле эн алгачкы ревалюциянын башаты катары тарыхта калган Аксы окуясы деп билем
-1
aydinnur
2020-03-17 14:49:26
chake,мына мунун туура баа Чаке иним!пилус кетти менден
-3
Kairat1996
2020-03-17 16:10:15
Сокенин бийлиги да чирип калды. Соке кетпесе эч бир жарыбайбыз
+4
Mamiev
2020-03-17 16:16:01
Аксы окуясы Бекназаровду бошотуу боюнча болгон. Ал киши Кыргыз элине кыйратып кызмат кылбады же саясатка аралашпай койбоду. Качан болсун пикет митингтерге мурдун тыгып жүрөт. Кыргыз элим качан болсун пайдасыздарды колдоп чыгаан эр азаматтарыбызды түрмөдөн чыгара албай журобуз
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан