Муфтий Рахматулла ажы Эгембердиевдин буйругу менен Максатбек Токтомушев Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын быйылкы ажылык иштерин уюштуруу боюнча убактылуу штабдын жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирди. Эскерте кетсек, 2013-жылдын ажылык сапарын уюштурууга даярдык көрүү май айында башталган.