Эс алуудагы Жогорку Кеңештин депутаттары 3-сентябрда ишке чыгышат

Жогорку Кеңештин 5-чакырылышынын 6-сессиясы 3-сентябрда ишин баштайт. Конституциянын “КРнын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндө” мыйзамына ылайык, парламенттин сессиясы сентябрдын биринчи иш күнүнөн башталып, июнь айынын акыркы жумуш күнүнө чейин уланат. Сессия ЖКнын жыйындар формасында ишке ашып, аптанын шаршемби жана бейшемби күндөрү өткөрүлүп турат. ЖКнын учурдагы 5-чакырылышы 2010-жылы октябрында шайланып, өз ишин ноябрь айында баштаган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан