Быйыл ажылык сапарга 3600 киши барат. Бул тууралуу Муфтияттын Ажылык бөлүмүнүн башчысы Марат ажы Усупов бизге билдирди. Айтымында, Ош облусунан 816, Ош шаарынан 288, Жалал-Абад облусунан 768, Баткен облусунан 288, Талас облусунан 48, Нарын облусунан 48, Ысык-Көл облусунан 96, Чүй облусунан 672, Бишкек шаарынан 288 киши барат. “Ажылык сапарга баруучулар бардык чыгымдарды кошкондо 2300 доллар сарпташат. 17-сентябрда Бишкек-Медина түз каттамы менен, 18-сентябрда Ош-Медина түз каттамы менен учушмакчы. Ал эми кайра кайтуу 20-октябрдан башталат”,- деди Усупов. Белгилей кетсек, былтыр ажылык сапарга 4500 киши барган.