Ош облусунда умрадан келген 64 адам карантинге алынган. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин аталган облус боюнча координатору билдирди.
Маалыматка ылайык, Ош облусу боюнча 50, ал эми шаар боюнча 14 адам карантинге алынган.
"Бизде жалпы умрага барып келгендердин саны аныкталды. 50сү Кара-Сууда, ал эми 14ү Ош шаарындагы Черемушка кичи районундагы ооруканада жатат", - деди координатор.