Бишкек менен Чүйдүн айрым жерлеринде электр жарыгы өчөт

Бүгүн, 27-августта саат 09:00дөн 17:00гө чейин Бишкек шаары менен Чүй облусунун айрым жерлеринде электр жарыгы өчүрүлөт. Бул убакта Мурас-Ордо, Арча-Бешик жаңы конуштарында, Ахунбаев, Кривоносов, Термечиков, Эр Тайлак көчөлөрүндө, "Ататүрк" сейил багынын аймагында свет болбойт. Чүйдүн Мраморное, Рассвет, Озёрное, Гроздь, Кара-Жыгач айылдарында электр жарыгы өчөт. "Түндүк электр" ишканасы билдиргендей, өчүрүүлөр тийиштүү жабдууларды оңдоо иштерине байланыштуу болот.

 

 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан