“Замандаш” ассоциациясынын 15-16-17-августка белгиленген 10 жылдык мааракеси жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Мааракеге дүйнөнүн 40тан ашык мамлекетинен келген 300дөй диаспоралык уюмдардын жетекчилери жана мүчөлөрү күбө болушту. Алгач 15-август күнү Бишкектеги Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрында ассоциациянын мааракесине карата салтанаттуу иш-чара өттү. Маараке концерттик программа менен башталып, ассоциациянын 10 жылдык тарыхына арналган даректүү тасма көрсөтүлдү. Мааракеге экс-президент Роза Отунбаева, премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев, өкмөттүн жана эл аралык уюмдардын бир катар өкүлдөрү катышып, ассоциациянын негиздөөчүсү Мухтарбек Өмүракуновду эскеришти. Анда Кыргызстандагы министрликтер жана мекемелер тарабынан “Замандаш” ассоциациясынын мүчөлөрүнө, диаспора жетекчелирине Ардак грамоталар тапшырылды. Мааракенин уландысы 16-17-августта Кыргызстандын бермети болгон кереметтүү Ысык-Көлдө өттү. 16-август күнү Ч.Айтматов атындагы “Рух-Ордо” маданий борборунда ассоциация мүчөлөрүнүн жана диаспора уюмдарынын жетекчилеринин чогулушу болуп өттү. Жолугушууда биринчи ирет “Замандаштын” башкаруу органдары шайланып, добуш берүү менен Кадырбек Бусурманкулов ассоциациясынын төрагасы болуп дайындалды. Мындан сырткары инвестициялык долбоорлор сунушталып, Кыргызстандын экономикасына пайда келтирүү темасындагы суроолор талкууланды. 17-августта Чолпон-Ата шаарындагы А.Көлбаев атындагы ат майданында улуттук ат оюндары уюштурулуп, иш-чара жыйынтыкталды. Улуттук оюндардын жалпы байге фонду 1 миллион 350 000 сомду түздү. Андан тышкары бел боо күрөшү боюнча мелдештер өтүп, “Азия жигиттери” каскадерлор федерациясынын жигиттери өзүнүн өнөрлөрүн тартуулашты.