Ысык-Көлдүн Кашка-Суу аймагында суурлар жок кылынууда

Ысык-Көлдүн Эңилчек айылына караштуу Кашка-Суу жайлоосунда суурларды жок кылуу иштери жүрүүдө. Муну Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Төлө Исаков маалымдады. Айтымында, суурларды жана бүргөлөрдү жок кылуу иштерин атайын түзүлгөн 2 топ жүргүзүп жатат. Адистер 2 аптанын ичинде Кашка-Суу жайлоосуна суурлар үчүн ууга чыланган жем коюшат. Кармалган суурлардын айрымдары лабораторияга жөнөтүлөт. “Атайын дары-дармектердин жардамы менен бүргөлөрдү жок кылуу иштери да жүрүүдө”,- деди Төлө Исаков. Мындай иш-чаралар Ысык-Көл облусунда кара тумоо дартынан бир адамдын өлүшүнөн кийин жүрүп баштады.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан