Бишкек шаарында бүгүн, 20-мартта маршруттук таксилер аз гана санда каттап жаткандыгы боюнча SUPER.KG порталына окурмандардан кабар түшкөн. Бул боюнча Бишкек шаардык мэриясынын аппарат башчысы Балбак Түлөбаевге байланышканыбызда бул тууралуу маалыматы жок экенин айтты.
"Бул тууралуу маалыматыбыз жок экен. Кайсы райондордо каттабай жатканын азыр тактайбыз", - деп билдирди.