Ош. Өзгөндүн Кызыл-Сеңир айылынын жашоочулары "Биримдик" аттуу уюм түзүштү
Өзгөн районуна караштуу Кызыл-Сеңир айылынын тургундары "Биримдик" аттуу уюм түзүштү. Бул тууралуу уюмдун жетекчиси
Мирбек
Темиров маалымдады. "Биздин максат - айылыбызды өнүктүрүү. Учурда уюмда 68 киши бар, кийим тигүүчү цех иштетип жатабыз. Кийинки жылы жер иштетүү менен да алектене баштайбыз",- дейт Темиров. Уюм Эгемендүүлүк майрамына карата 30-августта "Тазалык" аттуу акция уюштурат.