Өзбекстандын Кыргызстандагы элчилиги Бишкекте өзбекстандык дипломаттар катышкан жол кырсыгы тууралуу маалымат берүүдөн баш тартты. Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги жол кырсыгына байланыштуу кандай чараларды колдонорун билишпегендигин элчиликтен айтышты. Эске сала кетсек, 23-августта Бишкектин Москва-Раззаков көчөлөрүнүн кесилишинде Өзбекстандын КРдагы элчилигинин кызматкерлери катышкан жол кырсыгы болуп, мас абалындагы элчиликтин кызматкерлери окуяга катышкан Жигули унаасынын айдоочусу Ж.Кадыровду сабап салышкан. Бул окуя боюнча ТИМ Өзбекстанга нааразылык нотасын жиберген.