Бүгүн, 24-марттан баштап Бишкек шаарында кайра жылуулук бериле баштайт. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.
Баш калаада жылуулук берүү 19-марттан баштап токтотулган болчу. Абанын температурасы 5 сутка катары менен 8 градустан жогору болгондо, жылуулук берүү токтотулат.
Бүгүн Бишкекте абанын температурасы +3...+10 градус болот. Эртең абанын температурасы төмөндөп, -2...+8 болору күтүлөт.