Дары дүрбөлөңү. Эл дарыканалардан талап жаткан каражаттар коронавируска каршы жардам береби?

Учурда өлкөдө коронавирус дүрбөлөңүнөн улам дарыканаларда кезек узун. Көпчүлүгү бири-биринен угуп же социалдык тармактар аркылуу жайылган маалыматтар боюнча дарыларды талап алып жатышат. Андыктан Бишкектеги дарыканаларды кыдырып, фармацевттерден эл кайсы дары-дармектерди көп алып жатканын сураштырдык. Ошондой эле көп сатылып жаткан дарылар коронавируска каршы жардам береби же жокпу, керектүү адистерден сурап билдик.

Кайсы дары-дармектер талоонго түшүүдө?

Бишкектеги дарыканаларда эң көп сатылып жаткан дарылардын ичинен вирустарга каршылары арбидол, ремантадин, ошондой эле дене табын түшүрүүчү, сезгенүүгө каршылары аспирин, тайлол хот, парацетамол, антигриппин болуп чыкты. Булардын ичинен арбидол баштапкы баасы болжолдуу түрдө 330 сомдун тегереги болсо, учурдагы баасы 680 сомго чыкты. Анан да айрым гана дарыканалардан табылууда жана ар бир адамга 1-2 таңгактан ашык сатылбай жатат. Ремантадин дээрлик эч жерде жок, парацетамол көп жерде ар бир кишиге 2 таңгактан ашык сатылбай тургандыгы маалым болду. Айрым фармацевттер эргоферон жана биферон дарысына да суроо-талап жогорулап жатканын айтышты. Дарыканалардан ошондой эле жүрөк-кан тамыр, астма, бронхит ооруларынын дарылары көп өтүп жатканы анык болду.

Арбидол, ремантадин коронавируста жардам береби?

Кыргыз өлкөсүнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин дары саясаты боюнча башкы адиси Айгүл Жакубекова:

– Саламаттыкты сактоо министрлигинин астында атайын жумушчу топ түзүлгөн. Ал топ коронавирусту дарылоо боюнча Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун көрсөтмөсүнүн жана башка расмий маалыматтардын негизинде убактылуу клиникалык колдонмо иштеп чыкты. Ошондо гана сунушталган дары-дармектер коронавирус инфекциясын дарылоодо колдонулат. Коронавируска каршы атайын дары-дармек жок. Жогоруда айтылган клиникалык колдонмо аркылуу оорунун симптомдоруна жараша дартты аныктоо жана дарылоо жүргүзүлөт. Мисалы, дене табын түшүрүүчү, мурун бүтүүнү четтетүүчү, дем алуунун кыйындашын жеңилдетүүчү дарылар сунушталат. Ремантадин сыяктуу вируска каршы дары-дармектердин коронавируска каршы таасири жок. Коронавирус оорусун жуктурган адамдардын 80 пайызында жеңил жана орточо түрүндө өтөт. Оорлошуп кеткен учурларда антибиотик колдонгонго туура келет. Негизгиси өз убагында дарыгерлерге кайрылуу керек.

Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасынын башкы врачы Гүлжигит Аалиев:

- Бүгүнкү күндө коронавируска каршы атайын дары-дармек чыгарыла элек. Дарттын симптомдоруна жараша дарылоо жүргүзүлөт. Жогоруда сиздер атаган дарылардын бардыгынын коронавируска каршы таасири жок. Андыктан эл дүрбөлөңгө түшүп сатып албоолору керек.

Жалал-Абад облустук бириккен клиникалык ооруканасынын директорунун орун басары Гүлбарчын Рахманова:

- Коронавирусту дарылоодо Кыргыз өлкөсүнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин убактылуу клиникалык колдонмосунда көрсөтүлгөн дары-дармектерди колдонуп жатабыз.

Арбидолдун талоонго түшүшүнө жарнама себепкер болгон

2020-жылдын январында Орусиянын 4 радиостанциясынан Орусиянын “Отисифарм” фармацевтикалык компаниясы өздөрү чыгарган арбидол дарысынын жарнамасын бердирткен. Жарнамада аталган дары коронавируста (COVID-2019) жакшы таасир берери айтылган. Ушундан улам эл арбидолду ала баштап, аягында дары талоонго түшкөн.

Орусиянын федералдык монополияга каршы кызматы (ФАС) аталган компанияны жалган маалымат тараткан деп таап, “Отисифармга” жарнама тууралуу мыйзамды бузгандыгы үчүн 200 000 рублдан 500 000 рублга чейин айып салына тургандыгын белгилеген.

ФАС ошондой эле арбидол дарысынын көрсөтмөсүндө дары грипптин A жана B түрүндө, ОРВИде жана коронавируста (Coronavirus), курч кармаган респиратордук синдромдо (ТОРС) колдонулат деп гана жазылганын, бирок COVID-2019 коронавирусуна таасири бар деген көрсөтмө жок экендигин белгилеген.

Короновирустан кайсы курактагылар көп жабыркайт? Кытайдын окумуштууларынын жыйынтыгы

Кытайдын оорулардын алдын алуу жана көзөмөлдөө борбору 2020-жылдын 18-февралында коронавирус башталгандан тартып жүргүзүлгөн ири илимий иштин жыйынтыгын жарыялаган. Анда коронавирустун (COVID-2019) курмандыктары болуп кайсы жаш курактагылар эсептелери белгиленген.

Окумуштуулар 72 314 пациенттин оору таржымалын изилдеп көрүшкөн. Жыйынтыгында жалпы ооругандардын 80 пайызында оору жеңил жана орто, 13,8 пайызында оор, 4,7 пайызында өтө оор өткөндүгү белгиленген (булардын жарымы көз жумган). Ошондой эле 72 314 пациенттин 889унда оору белгилери жок өткөндүгү айтылат.

Окумуштуулар 80 жаштан ашкандардын өмүрү тобокелге кептелерин, алардын 14,8 пайызы көз жумарын белгилешет.

Жүрөк-кан тамыр, кант диабети, жогорку кан басым, дем алуу жолдорунун оорулары менен ооругандардын коронавирустун курмандыгы болуп калуу кооптуулугу жогору.

Адам канчалык жаш болсо оору жуккан учурда да айыгып кетүү мүмкүнчүлүгү жогору. Жаш өткөн сайын ооруга кабылуу коркунучу жогорулап жүрүп отурат.

Жаш куракка карата каза болуу деңгээли

0 – 10 жашка чейинкилер – 0 пайыз (антсе да бирин-серин катталгандар бар)

10-39 жаштагылар – 0,2 пайыз

40-49 жаштагылар – 0,4 пайыз

50-59 жаштагылар – 1,3 пайыз

60-69 жаштагылар – 3,6 пайыз

70-79 жаштагылар – 8,0 пайыз

80 жаш жана андан улуулар – 14,8 пайыз

Жаштар оорубайт деген жалган!

Маалыматтарга караганда, ар өлкөдө ооруга кабылган адамдардын жаш структурасы ар түрдүү. Мисалы, Италияда ооруга кабылгандардын көбү улгайгандар. Алардын жарымынан көбү 60 жаштан ашкандар. АКШда ооругандардын 50 пайызы 55 жашка чейинкилер. Түштүк Кореяда 20 жаштын тегерегиндегилер көбүрөөк ооруп жатат. Италияда каза тапкандардын 68 пайызы коронавируска чейин өнөкөт оорулары болгон. Мисалы, онкологиялык, бөйрөк, жүрөк-кан тамыр, дем алуу органдарынын оорулары, ВИЧ/СПИД, кант диабети жана башка. Андыктан коронавирус менен жаштар оорубайт экен деген маалымат чындыкка дал келбейт.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
katerina.li
2020-03-24 17:36:45
Жаштар оорубай эле койсун. Эч ким оорубаса экен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан