Коронавирус инфекциясын жуктуруп алган Орусиянын премьер-министри Михаил Мишустин инфекциядан айыгып, жумушуна кайтып келди. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Орусиянын президенти Владимир Путин премьер-министрдин орун басары Андрей Белоусовду Орусиянын премьер-министринин милдетин аткаруучу кылып дайындоо жөнүндөгү мурунку жарлыкты жокко чыгаруу жөнүндө жарлыкка кол койду.
Эске салсак, Михаил Мишустинден коронавирус инфекциясы апрель айынын аягында аныкталган.