"Мадина" базары өз нугунда иштеп жатат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына "Мадина" жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору Эрик Умарбаев билдирди.
"Биз дезинфекция иштерин эртең, 21-март жана 22-март күндөрү кылабыз. Бул эки күн базар иштебейт. Ал эми кайра 23-марттан баштап кайра ишибизди улантабыз", - деди ал.