Өлкө аймагына өзгөчө кырдаал, айрым жерлерге өзгөчө абал киргизилген маалда көпчүлүк эле адамдар интернет тармагынан чыкпай отурган убакыт. Жаңылыктарды окуп чарчаган болсоңуз, жүзүңүзгө жылмаюу тартуулаган видеону көрүүнү сунуштайбыз.
Социалдык тармактарда чокусун көк мелжиген бийик тоолуу айылдардын биринде тартылган видео тарады. Аталган видеодо бала чоңдор коюп берген музыкага берилүү жана өзгөчө шык менен бийлеп жатканын көрүүгө болот.