Жалал-Абад шаарында 26-мартка караган түнү 10 адам коменданттык сааттын эрежесин бузду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматынын жетекчиси Азамат Жээнбеков билдирди.
"26-мартка караган түнү Жалал-Абад шаарында коменданттык саат эрежесин бузуп, көчөгө чыккан 10 адам кармалды. Аларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, эскертүү берилип, коменданттык саат бүткөндөн кийин үйлөрүнө коё берилди", - деп билдирди Азамат Жээнбеков.
Маалыматка ылайык, "Өзгөчө абал жөнүндө" мыйзам боюнча, коменданттык саат мыйзамын бузган адамды милиция же аскердик патруль бул мөөнөт аяктаганга чейин кармап турат. Документи жоктор үч суткага чейин камалат.