Жалал-Абаддын Барпы айылындагы Н.Алыкулов атындагы орто мектептин курулуш иштерине жергиликтүү бийлик 18 миллион сом бөлдү. Муну Сузак районунун акими Нурболот Мирзахмедов билдирди. Мектеп 2014-жылдын башында иштеп баштайт. Райондо 114 мектеп бар, анын 9у авариялык абалда жана 6 мектептин курулушу бүтө элек. Райондо 47 980 окуучу бар, быйылкы жылы райондо 1-класска 4 400 окуучу барат.