Учурда кара тумоодон көз жумган бала менен байланышта болгон 148 адам ооруканада жатат

27-августка карата Ысык-Көлдө кара тумоодон көз жумган бала менен байланышта болгон 148 адам аныкталып, ооруканага жеткирилди. Муну Саламаттыкты сактоо министрлиги кабарлады. 26-августта Ичке-Жергез айылында аталган бала менен байланышта болгон кошумча 17 адам аныкталса, анын бешөөсү 14 жашка чейинкилер болду. 148 адам учурда ооруканада, дене таптары көтөрүлгөн жок. "Ичке-Жергез айылындагы 394 үйдүн 284ү текшерилди. 1653 жашоочунун 1423ү медициналык кароодон өткөрүлдү, анын ичинен 548и 14 жашка чейинки жаш балдар",- деп билдирди министрлик. Дарыгерлер тобу аймактагы жашоочулардын абалын көзөмөлгө алышууда.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан