Жалал-Абад. Эгемендүүлүк майрамына даярдык көрүү башталды
Жалал-Абад шаарынын борбордук аянтында Эгемендүүлүк майрамына карата стунденттердин даярдыгы жүрүп жатат. Мэриянын маданият бөлүмүнүн башкы режиссёру Кубанычбек Курбаналиевдин айтымында, майрамдык иш-чарага 200дөй студент катышат. "Эгемендүүлүк майрамын белгилөө эки этаптан турат. Саат 10:00дө парад болсо, саат 16:00дө майрам салтанаттуу түрдө ачылат",- дейт режиссёр.