Нарын. “Чоң-Туз” шахтасындагы жаңжалдан айыл башчы жана кош бойлуу аял жабыр тартты

25-августта Нарындын Кочкор районундагы “Чоң-Туз” шахтасындагы жаңжалдан айыл башчы жана бир кош бойлуу аял жабыр тартты. Муну “Кочкор Кара Туз” ишканасынын төрагасынын орун басары Кудайберген Күрөңов айтты. Шахтанын мурдагы башчысы Курманбек Байтереков өзүнүн тарапташтары менен келип шахтада иштеп жаткан айыл тургундарын ташбараңга алып, айрымдарын туткундап алышыптыр. Туугандарын бошотобуз деп барган аялдарды жана айыл башчысын да ур-токмокко алышып, ары бери сүйрөшкөн. Натыйжада кош бойлуу аял жана айыл башчысы Тилек Казиев жаракат алды. “Бул иштердин баары шахтанын мурдагы башчысы Курманбек Байтерековдун иниси Калдарбек Байтерековдун аракети менен жасалды. Бир гана милиция кызматкери эмес, бир нече адам жаракат алды”,- дейт Күрөңов. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан